Айжан Жылкыбаева, адвокат: «Наристелер зордук-зомбулукка кабылган окуяларды угуп, ыйлаган күндөрүм болгон»

20-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30

7 жашар  Акак (аты өзгөртүлдү)  аз-камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөнүн кичинекей мүчөсү. Ата энеси жашоонун кыйынчылыктарына карабай,  балдарына татыктуу шарт түзүп берүү аракетин көрүп,  күнүмдүк тиричилиги эл катары өтүп жаткан.
Бирок, 2020-жылы балалыктын  таттуу доорун сүрө  турган кезинде  Акак 2 агасы тарабынан зордукталып, бул окуя анын жашоосуна кара так салды. 

         Каргашалуу  күнү Акактын атасы жумушуна, апасы 4 кичинекей баласын үйүндө келип -кетип жүргөн туугандарынын балдарына карап тургула деп калтырып, өзү эмгек биржасына күнүмдүк акча табуу үчүн иш  издеп кеткен.

Тилекке каршы, наристелерди коргой турган агалары, (бирөө  кыздын атасынын, бирөө энесинин туугандарынын балдары болгон) кыздын алсыздыгынан пайдаланып, аны  күч колдонуп, кордоп зордукташкан дагы, кылган ишин эч кимге айтпоосун талап кылып коркутушкан. Жыйынтыгында, кыздын энеси бул окуяны  наристенин өзүнөн эмес,  бул ишке  күбө болгон 5 жашар баласынан кокусунан  угуп, дароо арыз менен милицияга кайрылган.

«Бул окуя менин практикамда оор иштердин бири катары эсимде калды. Наристенин мыкаачылык менен жакын адамдары тарабынан зордукка кабылганын угуп, мен жана менин кесиптештерим баардыгыбыз абдан ыйлаганбыз. Ал эми баланы төрөп, бапестеп баккан апасынын абалын сөз менен түшүндүрө албайм», — дейт наристенин укугун сотто  коргогон боно адвокат Айжан Жылкыбаева.
         Анын айтымында,  өзгөчө пандемия убагында аялдар  күйөлөрүнөн,  жаш балдар жакын туугандарынан, аталары, агалары тарабынан ур токмокко,  зордук-зомбулукка кабылган учурлары көбөйдү.

Статистикага таянсак,  2020 жылы  Кыргызстанда  жашы жете элек балдарга карата 287  үй-бүлөлүк зордук зомбулук фактысы катталса, наристелердин жана өспүрүмдөрдүн 71 -и зордуктоого туш болгон.  Ошондой эле, өлкөдө кризистик борборлорго  үй-бүлөлүк кордуктан качып, баш паанек издеп жылына 8 миң адам кайрылса, алардын 85% аялдар түзөт.

«Көпчүлүк учурда мындай  окуялардын аягы  жабылуу, коомчулукка билинбеген бойдон калат. Андыктан зөөкүрлөр жазага тартылбай, тымызын өз ишин улантып жүрө бергендери да бар. Мындай окуялар коомчулукка билинип, окуя резонанс жараткан учурларда деле, жыйынтыгы сотко жеткен учурлар аз. Себеби,   зомбулукка кабылган адам сотко өз арызын жазган учурда деле, анын тууган -туушкандары, өзгөчө аялдар кайын журт тарабынан катуу басмырлоого туш болуп,  зөөкурдү кечирдим деп тосмо арыз жазууга мажбур болушат», — дейт ал.

Айжан Жылкыбаева жогоруда биз баяндаган кичинекей Акактын окуясында да, зөөкүрлөрдүн кылган кылыгын дадилдеген экспертизанын жыйынтыгы чыккан күндө дагы, Акактын апасына анын кызынын тагдырына балта чапкан балдардын  ата-энелери,  кайын журту, туугандары  тарабынан психолгиялык кысым болгон.

«Ошого карабастан биз кыздын энеси менен биргеликте бул иште акыйкаттыктын орнотуу үчүн  баардык аракеттерди кылдык деп ойлойм. Зөөкүрлөрдүн ичинен жашы жете элеги 10 жылга, ал эми жашы жеткени   13 жылга соттолуп,  облусттук сот дагы алгачкы инстанциядагы сот чечимин күчүндө калтырды. Учурда бул үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү менен психологдор иштешип жатат», — деп түшүндүрдү адвокат.

         Айжан Жылкыбаеванын айтымында, мындай окуялар ондоп саналганы менен, сотко кайрылган жабырлануучулардын саны аз, болсо да алардын көбү мыкты жактоочусу жок болсо, сот системасында тамырлашкан коррупциялык схемалардын курмандыгы болуп, утулуп калган учурлары да көп.

«Аялдар өзгөчө, аз-камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү, баардык токскоолдуктарга карабай, сотко арыз берген учурда да адвокат жалдоо үчүн көптөгөн чыгым коротуп, материалдык кыйынчылыктарга дуушар болушат. Мындай учурда аларга биз -боно адвокаттар жардамга келип, алардын укугун бекер коргоп беребиз», — дейт Айжан Жылкыбаева.

         «Pro bono» (латынчадан которгондо: коомдун кызыкчылыгы үчүн)  -түшүнүгү   XIX  кылымда АКШ мамлекетинде пайда болгон.

Анын негизги максаты —  кайрымдуулук, коммерциялык эмес, коомдук уюмдарга жана аз камсыз болгон жарандарга профессионалдык юридикалык жардам көрсөтүү.

Мисалы, чет өлкөдө адвокаттар  өзүнүн ишинен тышкары, аз-камсыз болуп, юристтин жардамына муктаж болгон жарандарга да убакыт таап бекер жардам берүүсү керек деп милдеттендирилген.

Ал эми Кыргыз Республикасында бул практика 2015 — жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жылдан жылга боно-адвокаттардын да саны көбөйүп  жатат.

«Биздин коом: Зордук-зомбулукка кабылган жарандар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөр кесипкөй юристтердин, адвокаттардын жардамын алуу үчүн көп акча керек, акча болбосо биздин укугубузду эч ким коргобойт»,- деген түшүнүктөн арылышы керек. Биз жардамга муктаж ар бир адамды угуп, алардын укугун коргоого  даярбыз жана акыйкаттыкка жетүү үчүн колубуздан келген аракеттерди кылабыз», — дейт Айжан Жылкыбаева.

Альбина Метерова

20-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X