Ак-Чий айылынын тургуну Президентке жана ӨКМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 180

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылынын тургуну селдин кесепеттерин жоюу иштерине активдүү катышып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, селден кийин жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери өз убагында уюштурулуп, атайын кызматтар күнү-түнү иш алып барууда. Айрыкча, коргоочу дамбаны калыбына келтирүү жана сел коркунучун азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Учурда Ак-Чий айылында сел коркунучунун алдын алуу боюнча тиешелүү иштер уланууда. ӨКМдин кызматкерлери атайын техникаларды тартып, коргоочу курулмаларды бекемдөө жана жээктерди чыңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жергиликтүү тургундар мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин белгилешүүдө.

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 180
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X