«Ак-Мөөр Fest»: Улуттук нарк менен аялзатынын ажары айкалышкан керемет кече
Кыргыздын улуттук нарк-насилин, аялзатынын сулуулугун, акылмандыгын жана коомдогу ордун даңазалаган «Ак-Мөөр Fest» фестивалы Бишкектеги «Ырыс Ордо» комплексинде шаңдуу өттү. Дана Абдыбекованын демилгеси менен уюштурулган бул саамалык быйыл өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени фестиваль алтынчы ирет уюштурулуп, долбоордун беш жылдык мааракеси белгиленди.
Бул жөн гана майрамдык кече эмес, улуттук баалуулуктарды даңазалап, кыргыз аялзатынын кадыр-баркын көтөрүүгө, анын эмгегин, ишкердигин, чыгармачылыгын жана коомго кошкон салымын көрсөтүүгө багытталган өзгөчө аянтча. Кеченин башкы максаты — элибиздин кылымдардан бери келаткан нарк-насилин сактоо менен заманбап коомдогу ийгиликтүү айымдардын өрнөгүн жайылтуу.
Фестивалдын «Ак-Мөөр» деп аталышы да бекеринен эмес. Кыргыз тарыхында сулуулуктун, назиктиктин жана аялзатынын ажарынын символу катары сакталып калган Ак-Мөөрдүн ысымы долбоордун идеясы менен үндөшөт. Анын образы аркылуу тарыхый эс тутумду, маданий мурасты жана элибиздин аялзатына болгон өзгөчө мамилесин эске салуу аракети байкалат.
Улуттук баалуулуктарды даңазалаган демилге
Дана Абдыбекованын «Ак-Мөөр» долбоорун өнүктүрүүдөгү аракети бир күндүк иш-чара менен чектелбейт. Анын демилгеси менен буга чейин да кыргыз маданиятын, тарыхын жана каада-салтын даңазалаган бир катар фестивалдар уюштурулган.
Алсак, 2019-жылы Соң-Көл өрөөнүндө өткөн «Ак-Мөөр» фестивалына өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кыздар катышкан. Сулуулук сынагы ат оюндары, кыргыз көчү жана тарыхый инсандардын образдары менен коштолгон. Иш-чаранын жүрүшүндө Шырдакбек баатыр, Тайлак баатыр, Тоголок Молдо сыяктуу тарыхый инсандардын элеси да чагылдырылган.
Кийин жылкы фестиваль Ысык-Көлдө өтүп, ага мамлекеттик жана маданият тармагынын өкүлдөрү катышкан. Ошентип, жыл сайын мазмуну байып, катышуучулардын чөйрөсү кеңейип келе жаткан долбоор улуттук мурастарды жайылтуунун өзгөчө форматына айланды.
«Ак-Мөөр Fest»тин дагы бир өзгөчөлүгү — коомдо өз ордун тапкан, ар кыл тармакта ийгилик жаратып, ишкерликке, чыгармачылыкка жана коомдук иштерге активдүү аралашкан айымдардын башын бириктиргени. Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга, жаңы таанышууларга, бири-бирин колдоого жана келечектеги демилгелерге жол ачат.
Анткени аялдын ийгилиги анын жеке жетишкендиги менен гана өлчөнбөйт. Анын билими, эмгеги, тарбиясы жана коомдук активдүүлүгү үй-бүлөнүн бекемдигине, балдардын келечегине жана жалпы коомдун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.
«Кылымдын кыйын кыздары» — эмгекке берилген баа
Фестивалдын өзгөчө учурларынын бири — «Кылымдын кыйын кыздары» аттуу «Ак-Мөөр – 2026» сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Анда коомдун ар кыл тармагында үзүрлүү эмгектенип, таланты, ишкерлиги, жигердүүлүгү жана жетишкендиктери менен айырмаланган айымдар сыйланды.
Сыйлыктарды маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, коомдук ишмерлер Шарипа Садыбакасова, Бөдөш Мамырова, Аида Салянова, актриса Гүлсүн Мамашова жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Каныкей Эралиева тапшырышты.
Бул сыйлык айымдардын көп жылдык эмгегине берилген баа гана эмес, алардын коомдогу ордун таануу жана кийинки муунга үлгү көрсөтүү жагынан да маанилүү болду. Ар бир жетишкендиктин артында тынымсыз аракет, изденүү жана өз ишине берилгендик турары белгилүү. Ошондуктан мындай сый-урмат ээлерине мындан аркы ишине дем-күч берери талашсыз.
Белектер, жагымдуу маанай жана унутулгус көз ирмемдер
Кеченин шаңын арттырган жагымдуу саамалыктардын бири — коноктор арасында баалуу белектердин ойнотулушу болду. Билет ээлерине бриллиант зер буюмдар, Кытайдын Хайнань аралына саякат, «Batyrova Luxury» брендинин алтын чапаны, «LUXARY» шуба дүкөнүнүн баалуу белектери жана башка көптөгөн сыйлыктар сунушталды.
Майрамдык фуршет, жылуу баарлашуу жана көтөрүңкү маанай менен коштолгон кече катышуучуларга жагымдуу көз ирмемдерди тартуулады.
«Ак-Мөөр Fest» беш жыл ичинде жөн гана фестиваль эмес, улуттук наркты аздектеген, ийгиликтүү айымдарды тааныткан жана алардын башын бириктирген өзгөчө салтка айланып баратат. Анын негизги баалуулугу — кыргыз аялзатынын сулуулугун сырткы келбет менен гана чектебестен, акылы, эмгеги, таланты жана коом алдындагы жоопкерчилиги менен бирге даңазалаганында.
Элибизде «Аял бир колу менен бешикти, бир колу менен дүйнөнү терметет» деген накыл кеп бар. «Ак-Мөөр Fest» дал ушул сөздүн терең маанисин ачып, улуттук мурастарды урматтоо менен бирге өз максатына умтулган, коомго пайдасын тийгизген айымдардын күчүн жана мүмкүнчүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү.