Ак ниет ишкерлердин реестрине каттоо башталды

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине кирүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Документтер 2026-жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынат.

Реестрге кошулуу үчүн ишкерлер Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына арыз жана тиешелүү документтерди тапшыруусу зарыл.

Аталган реестрге кирген ишкерлерге бир катар жеңилдиктер каралган. Алардын катарында:
— 3 жылдык мөөнөткө текшерүүлөрдөн бошотулуу;
— жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
— эл аралык көргөзмөлөргө акысыз катышуу;
— мамлекеттик кызматтарды артыкчылыктуу негизде алуу жана башка колдоолор бар.

Долбоор ишкерлерди колдоо, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү бизнести өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X