Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Учурда билим берүү мекемесине эмеректер орнотулуп жатат.

Мектептин курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага жалпы 342 миллион сом жумшалган.

Үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик технология менен курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик кабинеттер, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүүчү бөлмөлөр, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер каралган.

Ошондой эле мектепте жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган спорт зал бар.

Белгилей кетсек, №104 мектеп Ак-Ордо конушунда жаңынан курулган үч мектептин бири.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X