Ак-Ордо конушунда бала бакча жана жашыл аймактарды көбөйтүү маселеси көтөрүлдү

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын курамына кошулган Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жалпы аянты 1 гектар 20 сотыхты түзгөн муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан балдар аянтчасын реконструкциялоо жана жаңы бала бакча куруу маселесин көтөрүштү. Алардын айтымында, аталган жер тилкеси муниципалдык менчикте сакталып калгандыктан, аны социалдык объектилерди өнүктүрүүгө пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар.

Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга учурдагы балдар аянтчасын сапаттуу реконструкциялоо, ошондой эле жаңы бала бакчанын курулуш долбоорун даярдап, сунуштоо боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, жолугушууда ЖЭБ-2нин жанындагы жер тилкесин жашыл аймак катары өнүктүрүү маселеси да талкууланды. Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планына ылайык, бул аймак жашыл зона катары каралган.

Тургундар бул жерге эс алуу паркын уюштурууну сунушташса, Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга аттракциондорсуз, бак-дарактар көп отургузулган жана шаардыктардын тынч эс алуусуна ылайыкташкан сейил багынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, көтөрүлгөн сунуштарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү долбоорлор даярдалып, аларды этап-этабы менен ишке ашыруу каралат.

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X