Ак-Ордодо жер мунапысынын алкагында талаштуу жер тилкелери жеринен текшерилди

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171

Бишкектин Ленин районунда жер мунапысынын алкагында Ак-Ордо конушундагы талаштуу жер тилкелери жеринен текшерилди.

8-июлда район башчысы Тариел Айтиев жетектеген жер мунапысы боюнча комиссия бир катар жер тилкелерин жеринде карап чыгып, алардын укуктук жана иш жүзүндөгү абалын иликтеди.

Текшерүүгө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар курулушу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын тиешелүү түзүмдөрүнүн, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сокулук филиалынын, ошондой эле №109 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Комиссия №477 контурдагы №808, №498 контурдагы №630, №631, №485, №2638, №2191 жана №519 контурдагы №3071, №2293, №510, №2149 жер тилкелерин карады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия арыз ээлери менен жолугуп, документтерди изилдеп, тараптардын жүйөлөрүн жана сунуштарын укту. Ошондой эле ар бир жер тилкесинин жеринде түзүлгөн абалына баа берилди.Возможно, это изображение текст

Жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кийинки кароого жөнөтүлдү.

Аталган жер тилкелери боюнча акыркы чечим Ленин районунун жер мунапысы боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X