Ак-Сууда таш түшүп, Аю-Төр капчыгайындагы жолду суу жууп кетти
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол жаратылыш паркына караштуу Аю-Төр капчыгайында тоо этегинен таш-топурак түшүп, ички чарбалык жолду суу жууп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя 14-июлда катталган. Түшкөн таш-топурактар Каракол суусунун нугуна түшүп, суунун багытын өзгөрткөн. Натыйжада жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
Учурда капчыгайдын жогорку бөлүгүндө болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа калган. Алар аймакта жайгашкан түнөк базада калышууда.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Окуя болгон жерге Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. 15-июлда жолду калыбына келтирүү иштерине Ак-Суу районунун жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тарабынан атайын техника тартылат.