Каракол шаарынын таштанды жайы Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын жеринде орун алгандыгына байланыштуу, аталган айыл аймагынын айдоо аянттарын Каракол шаарынан чыккан таштандылар, ал жактан учкан желим баштык, бөтөлкөлөр эгин сепчү талааны каптап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү калк “Турмуш” басылмасына билдиришкен. «Караколдун таштанды жайы биздин жерге жайгашканга байланыштуу көйгөйүбүз бүтпөйт. Таштанды жайынан чыккан жагымсыз жыт айылды каптап, бул жерге жайылган мал-жаныбыз ар нерсени жеп, өлгөн күндөр да болгон. Желим баштык менен бөтөлкөдөн арыла албайбыз. Эгин сепсек да, түшүм болбой жатат. Каракол шаарынын мэриясы иштебегени бизге азап болууда», — дешет айыл тургундары.