Ак-Талаада сел короолорду каптап, үйлөргө суу кирди
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, бир нече турак жайдын короосуна суу кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 18 турак жайдын короосун сел суулары каптап, 2 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 5 үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.
Учурда жеринде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ага 1 жүктөгүч техника, 12 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 өкүлү тартылды.