Ак-Талаада топоздун эти 550 сомдон сатылды

2-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 62

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кышка даярдык көрүү жана калкты колдоо максатында арзандатылган эт сатуу акциясы өткөрүлдү. Иш-чараны райондук администрация менен агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштурду.

Акция 1-декабрь күнү өтүп, «Толо-Темир» асыл тукум чарбасы тургундарга топоз жана тайдын этинин 1 килограммын 550 сомдон сатты.

Райондук администрация өкүлдөрүнүн айтымында, бул демилге аймактагы тургундардын бюджетин колдоого багытталган жана ал жакынкы күндөрү дагы улантылат. Ошондой эле башка чарбалар менен дагы кызматташуу пландалууда.

2-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X