Ак-Таш жайлоосунда жаратылышка зыян келтиргендерге 38,5 миң сом айып пул салынды

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 95

Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталып, аларга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБ менен биргеликте жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө жайыт жерлерге автоунаа жана эндуро мотоциклдери менен кирип, чөп катмарын тепселеген жарандарды аныкташкан.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпысынан 38 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, жайытты тепселеген транспорт каражаттары аймактан чыгарылган.

Возможно, это изображение трава

Рейд маалында мототранспорт айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өзгөчө корголуучу жана жаратылыш аймактарында жүрүүдө белгиленген эрежелерди сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Белгиленгендей, рейддик иш-чара жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо, ошондой эле айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөө максатында уюштурулган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X