“Ак-Жол” КППсында 3 млн сомдук мыйзамсыз товарлар токтотулду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкө аймагына эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, анын алдын алышты.
Маалыматка ылайык, көзөмөл иш-чаралары “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө товардык коштомо документтери жок чарбалык товарларды ташып бара жаткан Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы наркы болжол менен 3 миллион сомду түзөт.
Учурда бардык тиешелүү материалдар чогултулуп, кошумча текшерүү жүргүзүү жана мыйзам чегинде процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Текшерүү иштери уланууда.