Акимдер менен мэрлер эми рейтинг аркылуу бааланат

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 204

Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы тартибин бекитти.

Жаңы система боюнча эми облустардагы президенттин өкүлдөрү, шаар мэрлери жана район акимдери аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат.

Маалыматка ылайык, баалоо жыл сайын жүргүзүлүп, жетекчилер тапшырылган маалыматтын тактыгына жана өз убагында берилишине жеке жоопкерчилик тартат.
Жаңы механизмди Экономика жана коммерция министрлиги координациялап, бардык аймактар боюнча атайын рейтинг түзөт.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул система жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча иштердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X