"Эркин-Тоо"

АКШ кыргызстандыктар үчүн виза мөөнөтүн узартышы мүмкүн

АКШ кыргызстандыктар үчүн виза мөөнөтүн узартууну талкуулоодо. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугуна барган учурда белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгтленгендей, жолугушууда тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргызстандын жарандары үчүн АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын өнүктүрүүгө багытталган презентациясын көрсөттү.

Жолугушуу ачык, конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!