АКШнын башкы инфекциялык адиси Энтони Фаучи, Кытайда пандемия учурунда белгисиз симптомдор менен жабыркаган тогуз адамдын жана Ухандын лабораториясынын 3 кызмтакери тууралуу жазылган маалыматтарды жарыялоого чакырды. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Фаучинин айтымында, COVID-19дун келип чыгышы тууралуу Ухандын лабораториясындагы ошол 3 кызматкердин 2019-жылдын ноябрь айындагы белгисиз ооруу жөнүндөгү жазуулары жана тоо-кен тармагында иштеген 6 кызматкердин 2012-жылы жарганаттар жашаган үңкүргө баргандан кийин өздөрүн жаман сезгендиги тууралуу жазуулары ачыктайт.
“Ухандын вирусология институтунун окумуштуулары ошол окуядан кийин жарганаттардан медициналык үлгүлөрдү алуу үчүн ал үңкүргө барышкан, белгисиз вируска чалдыккан тоо-кенчилердин үчөө каза болгон”-, деп жазат басылма.
«Мен ошол үч адам тууралуу жазууларды көргүм келет . Алар чындап ооруштубу, эмне менен оорушту? Алардын медициналык жазууларында эмнелер камтылган? Ал адамдарга вирус жукканбы? Ал эмне эле? 10 жыл мурда тоо-кенчилердин эмне илдетке чалдыкканын билгим келет”,- дейт Фаучи.
Фаучинин айтымында, Sars-Cov-2 дал ошол үңкүрдө пайда болгон, же лабораториядан чыккан.
Акыркы мезгилде маалымат каражаттарында вирус лабораториялык жол менен жасалган деген публикациялар желдей тарай баштады.
Ак үй, “коронавирус илимий лабораторияда орун алган авариядан кийин пайда болду”,- деген пикирден алыс эмес. АКШнын чалгындоо кызматы вирустун пайда болушунун бир нече версиясын айтат. Алардын бири — лабораториядан жаныбардан адамга жугушу. Times гезити маалымат булактарга таянып, “Улуу британиянын чалгындоочулары дагы SARS-CoV-2 лабораториядан “чыгышы мүмкүн” деп эсептейт”,- деп жазды.
Бул басылмаларга жооп катары Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь, “Вирустун келип чыгышын чалгындоо кызматтар эмес, окумуштуулар аныкташы керек”,- деп билдирди.
2020-жылдын март айында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ухань шаарына барган эл аралык эксперттер тобунун жазган докладын толугу менен жарыялаган. Ал докладда, “COVID-19дун лабораториядан чыкты деген версиясы- “күмөндүү”,- деп жазылган. Мындан тышкары докладда, коронавирустун жаңы түрү башка жаныбардан жарганат аркылуу адамга жукту деген маалымат бар. COVIDдин келип чыгышы адамга жаныбардан жукту деген версияны – эксперттер “мүмкүн” же “күмөндүү” деген гипотезалардын тизмесине киргизген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да “күмөндүү” дегенге ыктайт.
АКШ жана дагы башка 13 өлкө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бүтүмүнө тынчсызданып, биргелешкен билдирүү жазышты. COVID-19дун келип чыгышы ачык, айкын жүргүзүлүп, көзкарандысыз тараптар изилдеши керек деп билдиришти.