2026-жылдын 2–3-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде америкалык компаниялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө.
Иш-чара Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Жолугушууларга америкалык тараптан АКШ–Кыргызстан Ишкердик кеңеши, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча Финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), ошондой эле саламаттык сактоо, финансы, технология жана логистика тармактарында иш алып барган бир катар эл аралык компаниялар катышууда.
Тараптар инвестиция, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жана логистика, финансы рыноктору, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстанда биргелешкен инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Маалыматка ылайык, 3-февралда Кыргыз Республикасы менен америкалык өнөктөштөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар меморандумдарга кол коюу пландалууда.

