АКШнын өкүлдөр палатасы Саудияга курал сатууга тыюу салууну жактырды

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 9

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Сауд Арабиясына курал сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Курал сатууну чектөө жөнүндө мыйзам долбоорун 350 адам колдоп, 71 мыйзамчы каршы чыкты деп маалымдады The Hill.

Тыюу салуу Сауд Арабиясы диссиденттерди репрессиялабай тургандыгын далилдегенге чейин улантылат. Документ эми Сенаттарабынан жактырылышы шарт.

Быйыл февраль айында АКШ чет өлкөлөрдөгү диссиденттерди коркуткан Сауд Арабиясынын 76 жаранына каршы санкцияларды киргизген. Вашингтон алар чет өлкөлөрдөгү диссиденттерди, аларды ичинде 2018-жылы Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашокжини да коркутушкан деп эсептейт. Ал эми АКШнын Улуттук чалгын кызматы журналистти өлтүрүүгө Сауд Арабиясынын мураскор принци Мухамед бен Сальман жеке өзү буйрук бергендигин тастыктоодо.

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 9
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X