Россия менен Кытай АКШ жана анын союздаштары үчүн согуштук коркунуч жаратууда деп билдирди мамлекеттик катчы Энтони Блинкен НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөн альянстын жыйынында.
Далил катары ал Украинанын түштүгүндөгү россиялык агрессияны, Балтика жана Кара деңиздеги, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги масштабдуу аскердик машыгууларды атады. Ал эми Кытай тууралуу анын аскердик амбициялары жылдан жылга өсүп, Түштүк-Кытай деңизинде кеме жүрүүлөргө коркунуч туудуруп жаткандыгын мисал келтирди.