Аксы райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына мезгил кутусу салынды

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту үчүн жаңы административдик имарат курулат. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өтүп, курулуштун расмий башталышы белгиленди.

Салтанатка Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Медербек Сатыев сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо сот реформасынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы имарат сот адилеттигин жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзүп, жарандарды кабыл алуу жана сот процесстерин өткөрүү үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.

«Бул имарат жөн гана административдик объект эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттүүлүктү камсыз кылган мамлекеттик институттун символу», — деп белгиледи Жогорку соттун төрагасы.Возможно, это изображение текст

Ал эми Аксы районунун акими Азамат Ниязалиев жаңы сот имаратынын курулушу аймактагы мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандарга сапаттуу сот адилеттигин көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Салтанаттын соңунда Медербек Сатыев, Азамат Ниязалиев жана иш-чаранын катышуучулары жаңы имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.

Белгилей кетсек, жаңы имаратта 3 судья, 10 сот аппаратынын кызматкери, 6 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Жаңы имарат соттун толук кандуу иштөөсүнө ылайыкташтырылат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X