Аксы районунун акими алмашты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемеси менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Максатбек Саргазаков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык кабыл алынган.
Ошол эле учурда Президенттин дагы бир тескемеси менен Азамат Намазалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Жаңы дайындоо да өлкө мыйзамдарынын тиешелүү жоболоруна ылайык ишке ашырылганы белгиленди.