Аксыда 100 орундуу жаңы бала бакча курулуп бүттү

28-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 163

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кум айылында 100 балага ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу толук аяктады.

Эки кабаттуу заманбап имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, ага 48,8 миллион сом жумшалган. Жалпы аянты 989 чарчы метрди түзгөн бала бакчада бөбөктөрдүн эс алуусу, тамактануусу, ойноосу жана тарбиялык сабактарды өтүүсү үчүн бардык шарттар каралган. Имарат керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалды.

Курулуштун жүрүшүн Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, аткарылган иштердин сапатын жана долбоордук талаптардын сакталышын текшерген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X