Аксыда 4 408 гектар жерди суу менен камсыздай турган канал курулууда
Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы 2,44 чакырымдык туннелдин курулушу жыйынтыкталууга жакындады. Учурда анын 1 980 метри казылып бүтүп, дагы 64 метр аралык калды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, объект «Кыргыз Республикасында 2017–2026-жылдардагы ирригацияны өнүктүрүү» мамлекеттик программасынын алкагында курулууда. Каналдын жалпы узундугу 7,4 чакырымды түзөт.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, канал 2026-жылдын IV кварталында пайдаланууга берилиши пландалып жатканын билдирди.
Долбоор ишке ашса, Жерге-Тал, Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл аймагындагы 4 408 гектар жер сугат суу менен камсыздалат.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө «Таза-Суу» долбоорунун, Келпик жана Ак-Тоңду насостук бекеттеринин, ошондой эле Кадыркул Чекиров атындагы мектептин курулушу текшерилди.
Жооптуу жетекчилерге бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.