Аксынын тургундарын мазактаган жаран кармалды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда социалдык тармактарга тараган видео боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя маалыматтарды электрондук журналга катталып, анын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү териштирүү жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу Н.Б. аттуу жаран ички иштер органына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал видеодо айткан сөздөрүн мас абалында билдиргенин айтып, жасаган аракетине өкүнөрүн билдирген.
Учурда окуя боюнча текшерүү уланууда. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилет.
Жалал-Абад ОИИБи жарандарды коомдук тартипти сактоого, чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого жана кастыкты козуткан аракеттерден алыс болууга чакырды.
https://www.instagram.com/reel/DbryOTczGQU/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==