Акунбеков: Балыктын кырылышы атайын уюштурулган болушу мүмкүн

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

Балык жемин импорттоого коюлган чектөө ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн киргизилген. Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жылына 70 миң тоннага чейин балык жемин өндүрүүгө жөндөмдүү төрт завод бар.

Министр импорттук жемдин курамына байланыштуу да суроолор бар экенин айтты. Айрым үлгүлөрдө чочконун эти бар деген маалыматтар боюнча документтер бар экенин белгиледи.

Буга чейин блогер Ыдырыс Исаков жемдин импорту токтогондон кийин балык чарбаларындагы балыктар кырылып, ишкерлер чыгымга учураганын айткан.

Ошондой эле Акунбеков эки чарбада балыктардын массалык кырылышынан алынган үлгүлөрдөн пестицид табылганын билдирди.

Министр балыктардын кырылышы атайылап уюштурулган болушу мүмкүн деген версия да каралып жатканын айтты. Бул фактыны укук коргоо органдары иликтейт.

Акунбеков 50 миң балыктын кырылышына пестицид себеп болгон-болбогону дагы такталарын кошумчалады.

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X