Акыйкатчы чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо маселесин көтөрдү

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Эл аралык конференцияда адам укуктарын коргоо, ар бир адамдын ишенимин, маданий өзгөчөлүгүн, тилин жана каада-салтын сактоо, ошондой эле эркиндик жана жеке кол тийбестик укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева «Чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктары: омбудсмендердин кызматташуу механизмдери жана тажрыйбасы» аттуу сессияда баяндама жасады.

Ал чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо Акыйкатчы институту башка мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук институттары менен тыгыз кызматташып келерин белгиледи.

Мисал катары Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен түзүлгөн кызматташтыкты атады. Анын айтымында, жарандарды биргелешип кабыл алуу алардын көйгөйлөрүн ыкчам аныктап, натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөт.Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

«Мекенинен алыс жүргөн адам барган өлкөнүн мыйзамдарын жетиштүү билбегендиктен ар кандай кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Тилдик тоскоолдуктар да юридикалык жардам алууда кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан алардын укуктарын коргоо механизмдери жеткиликтүү болушу өзгөчө маанилүү», — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоо маселеси да институттун көңүл борборунда экенин белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна 11 өлкөнүн жаранынан жалпы 36 кайрылуу түшкөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы 10 айында 21 мамлекеттин жаранынан 91 кайрылуу келип түшкөн.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X