Акыйкатчы: Чет өлкөдөн которулган студенттердин укугу корголушу керек
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды чет өлкөдөн которулган студенттердин билим алуу укугун камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы институтуна Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студентинин апасы кайрылып, уулу Россиядагы Сибирь федералдык университетинен которулуп келип, окуусун улантып жаткан учурда окуудан чыгарылганын билдирген. Университет муну студенттин документтери талаптарга жооп бербегени менен түшүндүргөн.
Ушундай эле көйгөй боюнча Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 4–6-курстарында окуган 32 студент да жамааттык арыз менен кайрылган.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Сибирь федералдык университети айрым жарандар аталган окуу жайдын маалыматтык базасында катталбаганын жана аларга расмий маалымкат берилбегенин билдирген.
Ал эми студенттер контракттык негизде билим алып, окуу акысын өз убагында төлөп келгенин айтышат. Алар дипломдук иштерин коргоого жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга кирүүгө уруксат берилбей жатканын, ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырылбаганын билдиришкен. Мындан тышкары, өз каалоосу менен окуудан чыгуу тууралуу арыз жазууга психологиялык басым болуп жатканын айтышууда.
УКМК бул факты боюнча сотко чейинки текшерүү жана териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.
Акыйкатчы институту билим берүү мекемелеринин чечимдеринин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Ошондой эле Россиянын Красноярск крайындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кыргызстандык студенттерге көмөк көрсөтүү өтүнүчү жөнөтүлдү.
Жамиля Жаманбаева министрликти чет өлкөдөн которулган студенттердин документтерин кабыл алуу баскычында кылдат текшерүүгө чакырып, документтерди алдын ала тактабастан студенттерди кабыл алып, бүтүрүү курсунда көйгөй жараткан жооптуу кызматкерлердин аракетине укуктук баа берилиши керектигин белгиледи.