Акыйкатчы институтуна жаңы орун басар тааныштырылды

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жамаатына Акыйкатчынын жаңы дайындалган орун басары Медербек Усаров расмий түрдө тааныштырылды.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жаңы орун басарды кесиптештерине тааныштырып, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө Акыйкатчы институтунун жамаатынын жогорку кесипкөйлүгүн жана ынтымагын өзгөчө белгилеп, Медербек Усаровдун иш тажрыйбасы мекеменин мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

«Сиз биздин ишке бат эле аралашып, өз кесипкөйлүгүңүздү көрсөтөсүз деп ишенем. Алдыда маанилүү иш-чаралар жана жооптуу милдеттер турат. Сиздин тажрыйбаңыз институттун мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошот», — деди Акыйкатчы.

Белгилей кетсек, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Медербек Усаровду Акыйкатчынын орун басары кызматына шайлаган.

49 жаштагы Медербек Усаров милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктаган. Ал юридика илимдеринин кандидаты болуп саналат.

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X