Акыйкатчы Сахароводо кармалган кыргызстандыктар менен жолукту
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы Сахарово чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барып, ал жерде кармалып турган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбордогу кармоо шарттары, медициналык жардамдын көрсөтүлүшү жана кыргызстандыктардын укуктарынын сакталышы текшерилди.
Мекендештер Акыйкатчыга жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнө кармоо мөөнөтү, Россиядан чыгаруу тартиби жана депортациядан кийин өлкөгө кайра кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолорун беришти.

Ошондой эле банк эсептери бөгөттөлгөндүктөн, административдик айыптарды төлөө жана кредиттик милдеттенмелерин аткаруу маселелерин көтөрүштү.
Жамиля Жаманбаева айрым кыргызстандыктар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттанбагандыктан, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калганын белгиледи. Анын айтымында, айрым учурларда мындай жагдайлар иш берүүчүлөрдүн милдеттерин аткарбаганынан улам келип чыккан.
Акыйкатчы мекендештерди чет өлкөгө барардан мурда ошол мамлекеттин мыйзамдарын жана миграциялык талаптарын үйрөнүүгө, укуктары бузулган учурда тиешелүү органдарга өз убагында даттанууга чакырды.
Жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана борбордун жетекчилиги да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргызстандыктардын бири өзүн көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине негизсиз киргизилгенин айтып, Россиянын Акыйкатчысына арыз менен кайрылды.
Борбордун жетекчилигинин маалыматына караганда, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турган. Ошондой эле ошол күнү кечинде дагы 28 кыргызстандыкты депортациялоого даярдап жатышкан.