Акыйкатчы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өттү

Жогорку Кеңеште «Элдик» депутаттык тобунун демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Адилет Белеков жана Айбек Алтынбеков. Парламенттик угууну депутат Адилет Белеков алып барды.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын белгилеп, сунушталган өзгөртүүлөрдү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири талкуулоонун маанисине токтолду.

Парламенттик угууга катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Эннио Боати адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарды чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Адилет Белековдун айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр Акыйкатчы институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Атап айтканда, Акыйкатчынын жылдык баяндамасынын мазмунуна карата талаптарды тактоо, аны даярдоо, жарыялоо жана жайылтуу тартибин жөнгө салган ченемдерди киргизүү сунушталууда. Возможно, это изображение один или несколько человек

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталганын билдирди. Анын айтымында, сунушталган нормалар БУУнун Париж принциптерине жана улуттук укук коргоо институттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча талаптарга жооп берет.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Акыйкатчы институтунун макамы, ыйгарым укуктары жана көз карандысыздыгы боюнча маселелерди карашты. Ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна байланышкан көйгөйлөрдүн себептерин аныктоо, алардын алдын алуу жана жоюу боюнча системалуу иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, институттун институционалдык жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу, анын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун кепилдиктерин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар адам укуктарын коргоо боюнча улуттук мекемелердин ишмердүүлүгү БУУнун Париж принциптерине толук шайкеш болушу керектигин белгилешти.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жыйындын жүрүшүндө депутат Улан Сариев сунушталган өзгөртүүлөр Акыйкатчы институтунун Париж принциптерине ылайык жогорку деңгээлдеги көз карандысыздык статусун алуусуна өбөлгө түзө алабы деген маселени көтөрдү.

Ал эми Жогорку Кеңешке караштуу Парламентти өнүктүрүү жана демократия борборунун директору Наталья Никитенко Акыйкатчы институтунун парламенттик көзөмөл жүргүзүүдөгү ролуна токтолуп, анын отчеттуулук механизмдерин өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Парламенттик угуунун жыйынтыгында катышуучулар Акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгын чыңдоо, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана улуттук мыйзамдарды адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча бир катар сунуштарды беришти

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X