Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Марлен Маматалиев, Адилет Белеков жана Айбек Алтынбеков.
Демилгечилердин бири Адилет Белековдун айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр Акыйкатчынын жылдык баяндамасынын мазмунуна карата талаптарды тактап, аны мамлекеттик органдарга жөнөтүү жана белгиленген мөөнөттө жооп алуу тартибин жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле жылдык баяндамаларды даярдоо, жайылтуу жана жарыялоо тартибин бекитүү каралган.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын жана милдеттерин тактоого, отчеттуулук менен мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүдөгү укуктук боштуктарды жоюуга багытталган. Мындан тышкары, ал Венеция комиссиясынын жана адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардын сунуштарына шайкеш келет.
Талкуу маалында депутаттар Мирлан Жеенчороев жана Гүлшаркан Култаева Акыйкатчынын жылдык баяндамасын даярдоо тартиби жана анын сунуштарын аткаруунун натыйжалуулугу боюнча суроолорду беришти.
Ал эми депутат Салтанат Аманова мыйзам долбоорунун 11-беренесиндеги мамлекеттик органдар Акыйкатчынын баяндамасын алган күндөн тартып үч ай ичинде анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү деген жобого көңүл буруп, талап аткарылбаган учурда жоопкерчилик чараларын кароону сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө комитет ошондой эле «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда, ал эми юридикалык өкүлчүлүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.