Акыйкатчы институту: Ар бир экинчи сот отуруму кеч башталган

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

2025-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна сот өндүрүшүндө укуктарын коргоо боюнча 816 арыз-даттануу түшкөн.

Арыздардын басымдуу бөлүгүндө жарандар сот чечимдерине макул эместигин билдиришкен. Мындан тышкары, 57 жаран укуктук кеңеш сураса, 56 кайрылуу алимент өндүрүүгө байланыштуу болгон. Дагы 35 арызда судьялардын аракеттерине же аракетсиздигине даттануулар айтылган.

Ошондой эле 19 жаран сот чечимдери аткарылбай жатканын белгилеп, сот аткаруучуларынын ишине баа берүүнү өтүнүшкөн.

Жыл ичинде жалпысынан 572 сот процесси көзөмөлгө алынган. Анын ичинен 57,8% кылмыш иштерине, 32,9% жарандык иштерге, 9,6% административдик иштерге туура келет.

Мониторинг көрсөткөндөй, сот отурумдарынын 61,3 пайызы биринчи инстанциядагы соттордо өткөн. Ошол эле учурда ар бир экинчи сот отуруму белгиленген убакыттан кеч башталган. 270 отурумдун 112си башка күнгө жылдырылган.

Акыйкатчы институту мындай көрүнүштөр сот ишинин создуктурулушуна жана жарандардын сот адилеттигине жетүү укугуна тоскоолдук жаратарын белгилеп, кемчиликтерди жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна сунуштарды жөнөткөнүн билдирди.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X