Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөрдү
21-майда Акылбек Түмөнбаев жетектеген «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү Александр Бельский менен Санкт-Петербург шаарында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу жана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Депутаттык топтун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун ортосундагы кызматташтык ар кыл тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өзгөчө экономика, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана гуманитардык чөйрөлөрдө маанилүү жетишкендиктер бар.
Мындан тышкары, ал кыргыз маданиятын жайылтууга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Санкт-Петербургдун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, тарыхый калаада Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин орнотулушу эки элдин маданий байланышын бекемдеген чоң окуя экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү Болот Миңжилкиев, Бүбүсара Бейшеналиева жана Раманбек Бейшеналиев сыяктуу инсандардын ысымдарын атады.
Жолугушууда курулуш тармагындагы кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгууда россиялык адистер тарабынан эксперттик жана консультациялык жардам көрсөтүлгөнү айтылды.
Мындан сырткары, саламаттык сактоо жана укук коргоо тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болуп, көп жылдан бери кыргызстандык курсанттар Санкт-Петербургдагы Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн окуу жайларында билим алып келе жатканы белгиленди.
Өз кезегинде Александр Бельский эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, парламенттер аралык дипломатияны, эл аралык аянтчалардагы өнөктөштүктү жана өз ара жолугушууларды активдүү улантуу зарылдыгын айтты.