Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл районунун активи менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулады

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 135

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл районунун активи менен жолугушту.

Жыйынга финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Жолугушууда райондогу бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Айыл жерлериндеги көйгөйлөрдү чечүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Акылбек Түмөнбаев аймактардын өнүгүүсү өлкөнүн жалпы өсүшү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Мамлекеттин өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды. Андыктан элет жериндеги көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Элет өнүксө, мамлекет да алдыга жылат», — деди депутат.

Жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашыруу маселелери да талкууланды

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 135
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X