Акылбек Тюкебаев Токтогул районунун акими кызматынан бошотулду
Акылбек Тюкебаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Акылбек Алиякунович Тюкебаев өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясын жетектеп келген. Президенттин жарлыгы менен анын кызматтан кетүү тууралуу арызы канааттандырылды.