Акылбек Жапаров Баткенге барды
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Маалыматка ылайык, Жапаров аталган аймакта эки күн болот.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Баткен облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырат. Мындан тышкары, Ош — Ноокат — Баткен автожолун реконструкциялоо иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөрөт.