Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапар менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Екатеринбургда Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.
Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.