"Эркин-Тоо"

Акылбек Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров швейцариялык “Edelweiss Group AG” компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Министрлер кабинети билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар, тоо-кен тармагы, дата-борборлорун куруу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров министрлер кабинети “өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлордун жаңы жана креативдүү сунуштарына ар дайым ачык” экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу макулдашылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!