(Башы гезиттин №11 (3460) санында)
— Жаныбек Жанызактын сиз менен Рыспай аганын мамилесин жумурай журтка маалымдап жазганы тагдырыңызды талкалады деген адамдарга эмне деп айтат элеңиз?
— Жаныбек Жанызактай кыйын адамды жашоомдо кездештирген эмесмин, ал аябай чечен, сөздөн буйтатпаган, талылуу жерден кармап, кыскасы, кармаганын коё бербеген журналист эле. Дайыма адамдар менен жолугуп, маектешкенин магнитофонго жаздырган адаты бар болчу. Соттошом деген доогерге жаздырган маегин кайра эле далилдүү документ, факт катары өзүнө каршы колдонуп, оозун жаап койчу… Бирок, Жаныбек Жанызакты мени жазганы үчүн эч качан күнөөлөгөн эмесмин, эгер кимдир бирөөлөр купуя, ыйык сезимимдин жарыяланып, ачыкка чыгып кетишине күнөөлүүлөрдү издесе, эң негизги күнөөкөр өзүм деп гана айтамын… Адамды тагдыр же башка бирөө эмес, адам өзүнөзү талкалайт же түзөт, курат, тургузат деген көз караштамын. Анткеним, адам өзү гана жол берет экен, башканын талкалашына же өзүн-өзү жок кылганга. Анан кантип башка бирөөнү күнөөлөй алат… Менде да баш тартканга же макул дегенге мүмкүнчүлүк болду, ошонун туурасын колдоно алган жокмун.
— Элдин көзү-сөзү, ушакайыңы сизге кандай таасир этти?
— Ал кезде адамдар менен тез эле аралашып, ымалалашып кеткен жан элем. Адамдарсыз бир күнүмдү, саатымды элестете алчу эмесмин, аларсыз кантип жашайм дечүмүн. Бирок, ушул окуядан соң, көрүнбөгөн дүйнөгө көрүнбөс болуп жашынып, эч ким жок жерлерге качып кетким келди. Жөнөкөй, карапайымдыгымды, ата-тегимди (карапайым үй-бүлөдө туулгам) кемсинтип, агайдын теңи эмес деген жандардын сөздөрү мени октой жаралады, жаралуу болдум. Айрым кыйбас достор да душман, саткын болуп чыкты. Мени колдоп, мага таяныч болгон жакшы адамдар дагы кездешти. Ошол учурда бутума бут, колума кол болгон адамдарга ыраазычылык билдирем. Ал адамдардын сап башында музыкант, гитарчы Темиралы Кунашев турат. Ошентип, акыры, бул сыноодон да аманэсен чыктым, тирүү калдым дегеним… Мына, азыр да жүрөгүмдүн кагышы токтой элек, оту өчө элек… Мен өзүм дагы таң калам: “О-о, менин сүйөнөк жүрөгүм, дагы канчага күйө бересиң, сүйө бересиң…” – деп. Бирок, дагы деле көпчүлүккө аралаша албайм, качып турам… Ушул адат калып калды. Саналуу гана адамдар менен мамилем бар.
— Ал узакка созулган депрессиядан кантип чыктыңыз?
— Чынын айтсам, менде таптакыр эле сынып мокогон, кайра күчөп курчуган учур да болду. Кандай абалга тушукпайын, эч бир кайгы-ыза, сары-санаа, жаман көздөр, ачуу сөздөр мени өлтүрө алган жок. Сындым, бирок кайра түзөлдүм. Канча жолу жыгылсам, ошончо жолу кайра турдум, анткени жүз жолу жыгылсам жүз биринчи жолу туруу керек дегенди кармандым. Жаштыктын деми, жүрөктөгү жалындын күчү менен бардыгын көтөрдүм. Музыка да бар болгон жаратымдан айыктырган эң күчтүү дары болуп берди. Агайга жолукканда, анын чыгармачылыгын толук деле тааный элек болчумун. Агайдын өзүнө ашык болгон экенмин, көзү өткөндөн кийин, муза дүйнөсүнүн эшиги кенен ачылды, мен ошол ааламга кирдим да, агайдын ырлары менен биригип кеттим, анын музасы менен жашадым. Анан албетте, Кудай деген улуу күчтүн дагы таасири тийбей койгон жок. Мурда жүрөгүмдө бир гана Рыспай агай болсо, эми мага Кудай жана Музыка деген эки кудурет ээлик кылды. Азыр менде үчөө бар: Кудай, Музыка, Поэзия. Эми аларсыз өзүмдү бар деп элестете албайм…

— Бул аңыз кеп айтылып жатканда ата-эне, бир туугандарыңыз кандай кабыл алды?
— Бир туугандарым үчүн аябай эле оор болгон. Эл алдында чоң уятка калгандай ыза болушкан. Эл караган бетибизди жер караттың деп, бетиме айталбай, артымдан айтып күңкүлдөшкөн. Атам тирүү болгондо кандай кабыл алат эле, аны билбейм. Апам менин кылган ишимди туура деп эсептебесе да, туура эмес кылдың деп бетиме басып, бир ирет болсо да жаман сөз айткан жок. Бир гана айтканы «Жакшы келе жаттың эле, эмне болду?» деген сөзү болду. Апам Айша аябай айкөл, даанышман жан экен. Апамдын айкөлдүгү – мени кечирип, жүрөгүнө батырганы. Даанышмандыгы – өзүн менин ордума коюп, менин ордума Давлет эжеден чын жүрөктөн кечирим сураганы. Бир ирет Ош базардан Давлет эже менен жолугуп калдык. Ал бизди көрүп жаныбызга келди да: «Ии, мен бул кыздын энеси кандай болду экен» деп көргүм келип жүрдү эле, — деди. Ошол замат, апам эки колун көкүрөгүнө коюп, Давлет эженин алдында башын төмөн ийип: «Рыспайдай улуу адамды кайсы гана кыз сүйбөй коё алмак. Менин кызым жаштык кылды, кечирип кой, айланайын. “Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч” деген бар эмеспи…» дегенде апамдын мага берген мындан чоң жазасы жоктой сезилди. Ошондо жүрөгүм жарылбай эле араң калды… Жан азабым эки эсе оорлоду…
— Залкардын жүрөгүн жылыткан сиздеги кайсы касиет экенин билгенсизби?
— Бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Жаш чагымда ушундай суроо берсе эле, эмоцияга алдырып эбиреп-жебиреп айтып кирчү элем, көрсө анын баары жеңилдигим экен. Азыр болсо, бул суроого Рыспай ага өзү жооп айтса кандай жакшы болмок дейм. Ошентсе да, агайдын бир айтканы жадымда: «Адамдын көзүнөн анын ким экенин көрсө болот. Мен сени алгач көргөнүмдө, сен кирип келгениңде, сенин көздөрүңдөн бир башкача мээримди, жылуулукту көрдүм. Анан нес болуп калдым да, эч нерсеге көңүлүм чаппай калды. Ушунчалык жалгыз калгым келди дейсиң…». Чыны менен көзүмдөн башка эч нерсем жок болсо керек. Кийингеним да жупуну, түр-түспөлүм да жөпжөнөкөй болчу. Ал тургай, анын теше тиктегенин көргөндө жакшы дагы ырдай албай койгом тартынып…
— Бул жеке сизге тиешелүү тагдыр сыймыктануу сезимин жарата алдыбы? Эгерде ушул жашыңыздагы көз караш, акыл-эс, тажрыйба 25 жашыңызда болсо, кандай чечимге келмексиз?
— Бул окуя тарых болуп калабы же калбайбы, аны билбейм, келечек көрсөтөттүр, аны көрбөсүм анык. Анан да ушундай жан азабын берген, ыза кылган тагдыр менен сыймыктанам деп айта аламбы, бул тууралуу эмне дейм, мунун да жообу жок. Ал эми тажрыйбага келсек, 25 жаш жана 55 жаш… Мага окшогон адам өмүрү бүткөнгө чейин эле тажрыйбасыз болот окшойт. Мен ушул жашымда дагы ката кетирген учурумду көрүп, эгерде Рыспай агай азыр жолукса деле, ошол 25 жаштагы сезим менен жашай турганыма көзүм жетти. Ооба, жашым өйдөлөдү, кээ бир көз караштарым өзгөрдү, акылга байыдым, ошентсе да менин ички дүйнөм өзгөргөн жок, сезимим карыган жок…
— “Жакшылыктын эрте-кечи жок” дейт эмеспи. Ошентсе да турмушка чыга электигиңизге жаштыгыңыздагы сезимдер себепкер эмеспи?
— Билесиңби, Афи, жакшылык менден эч качан кечиккен жок, ал менин жанымда, колумда эле турду. Менде турмушка чыкканга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болду. Мага бакыт тартуулай турган мырзалар жолукту. Бирок, бул кашайгыр жүрөк өзүмө да, Кудайга да багынбаган бейбаш, ээ-жаа бербеген долу, көк бет, өзүнүкүн гана эңсеген өзүмчүл болуп чыкты, эшигин таптакыр эле ачпай койду. Жүрөгүмдү багынта турган мырзаны күттүм… Ошентип, жылдар өтүп кетти…
(Уландысы бар)
Афина БАКИРОВА
№14 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-февралы