"Эркин-Тоо"

Акын Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА: «Рыспайдын бейитине барганда ага таарынып, долуланып ыйладым»

(Башталышы гезиттин 24.02.2023-ж. №14 санында)

— Рыспай агай экөөңүздөр түшкөн тумардай болгон эки сүрөт бар. Эл тааныган адам менен ээрчишип барып сүрөткө түшүү сиз үчүн кыйла ыңгайсызданууну жаратса керек?

— Агай экөөбүз ошол күнү (1994- жыл, 28-январь) Скрябин көчөсүнөн Фрунзе көчөсүндөгү “Тюльпан” фото салонуна чейин жөө келгенибиз эсимде. Ооба, өзүмдү аябай ыңгайсыз сезгем. Ал ыңгайсыздык “эл эмне дейт?” деп кысынуу эмес, агайга кандай мамиле жасашты, анын жанында өзүмдү кандай алып жүрөрүмдү, эмне деп сүйлөштү билбегенимден болду. Анан калса, агайдын интеллектуалдык деңгээли бийик, жан дүйнөсү бай, билими күчтүү, сөзгө чечен эле. Менин билим деңгээлим агайдыкына жетпейт болчу… Ошентип, сүрөткө түшүп жатканда агай мага жылмайып, ээгин шык кагып: “Фотография – это живая автобиография” деген. Негизи, үч түрдүү сүрөт боло турган, агай экөөбүз катар отурган, мен туруп, агай отурган, экөөбүз тең туруп түшкөн, мен пальточон, агай кожа курткачан… Тилекке каршы ал сүрөттөр азыр менде жок. Бардыгын унутуу үчүн өрттөп жибергем, ушундай көк жана өрт жинди окшойм. Кээде өзүмдү сырттан карап туруп таң калам да: “И-и, дагы эмне кылат болдуң экен?” деп күткөн учурларым болот.

— Рыспай аганын ырларын укканда эмне жөнүндө ойлойсуз? Сизге арнап ырдап жаткандай сезилбейби?

— Агайдын ырлары болбогондо, буулуккан ыза менен таарынычтан кантип айыкмакмын десең. Анын ырлары мени жан оорумдан гана айыктырбастан, дене оорусунан да айыктырды, жарага дарыны улам сүйкөгөндө акырындап айыккандай сакайтты, жашоону дагы да тереңдеп сүйгөнгө, сүйүүгө аздек жана туруктуу, ишенимдүү мамиле жасоого үйрөттү. Ал гана турсун Кудайдын даңкын көрсөтүп, анын кудуретин таанытты. Агайдын ырларын уккан сайын Кудайдын ушунчалык кудуреттүүлүгүнө оозум ачыла таң берген учурларым болду: “О-о, Теңирим, сен ушундай укмуш обондорду чыгарган адамды өз колуң менен жараттыңбы?! Сенин ишиң укмуштуудай чебер, сөз менен айта алгыс. Сен аны бутунан башына чейин, бүт тулку-боюн музыкадан жаратыпсың… Карачы, анын ар бир кыймылы, ар бир чыккан үнү музыка…” дейт элем тамшанып да, таң калып да… Агай бир гана мага эмес, бүт ааламдын кантамырында айланып, ар бир адамда согуп жаткан жүрөктөй бардык адамзатына ырдап жаткандай ырдайт. Анын ырлары көздүүгө да, көзсүзгө да таасир этпей койбойт…

— Ал адам менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү берилсе коркпой сүйлөшө алат белеңиз? Эмне деп сырдашат элеңиз?

— Өлүп көрүптүрмүнбү дегендей, айта албайм. Бирок бир чындыкты билем, өлгөн адамдарга караганда тирүү адамдар көбүрөөк коркунучтуу экенин, себеби, мага өлгөндөр жамандык кылган жок… Ошол жылдары (1994-жыл) агай тууралуу ызы-чуу, уруш-талаш, ар кандай адамдардын ачуу сөздөрүн укканда, мен тууралуу жазган жаман пикирлерин окуганда, айылыма кетип бара жаткан жолдогу бейиттеги адамдар мага жакын сезилип, алар гана мени аяп, мени түшүнчүдөй сезилет эле. Тирүү адамдар менен сүйлөшкөнгө караганда, мүрзөдөгү адамдар менен көбүрөөк сүйлөшчүмүн. Балким агайдын бейити бул жерде (Ошто эмес, Бишкекте) болгондо анда ошол жакка бармак болсом керек деп ойлойм…

— Бир жолу Ош шаарына барып калып, Рыспай Абдыкадыровдун бейитин бир көрүп кеткенди эңсеп, араң жетишип барып келгениңизди айтып кеткен жайыңыз бар?

— Агайдын бейитине бир барганга мүмкүнчүлүгүм болбой өтүп кетемби деп ойлогон элем. Бирок, мага тагдыр буюрду. 2010-жылы студенттер менен практикага Ош-Баткенге барганбыз. Оштогу агайдын атындагы филармонияны сыртынан гана көргөнгө туура келди, себеби биз барганда иш күнү эмес экен. Практиканын акыркы күнү Сулайман Тоого чыгып, ал жердеги музейге жөнөдүк. Мен ошол Ошто жашаган кыздан (азыр атын унутуп калдым) аста сурадым: “Мени Рыспай аганын бейитине алып бара аласыңбы?” деп. Ал агайдын мүрзөсү кайсы жерде орун алганын билбейт деле экен, бирок ошого карабастан макул болду. Бардык студенттер музейге киргенде, ал кыз экөөбүз тоо кыялап чуркап жөнөдүк. Аябай шашып чуркадык, анткени студенттер музейден чыкканча кайра келип калыш керек эле. Жолду билбейбиз, божомолдоп гана бараттык. Кудай берди болуп, бир адам көрсөтүп берди.

Өз көзү менен көрбөгөн адамга калп, жүрөгүндө көзү бар адамга чын. Жылдап көкүрөктө чогулган ыза, куса, сагыныч, анан таарыныч толуп калган экен. Ушунчалык муундарым бошоп титиреп турдум. Кантип тизелеп калганымды да билбейм. Көз жашым төгүлүп кетти. Жанымдагы кыздан сен тигиндей барып күтүп турчу, мен агай менен бир аз сүйлөшүп алайын дедим. Ал илгиртпестен түшүндү. Ошентип, агай экөөбүз калдык. Агай мени көптөн бери күтүп, азыр көргөнгө кубангандай… Мен болсо ушул убакка чейин, ал үчүн уккан ар кандай сөздөргө себепкер болгону үчүн ага катуу таарынып, анан калса, мени жалгыз таштап кеткенине ачууланып, “Эмнеге? Эмнеге?” деп улам кайталап, топурагына колумду коюп, урушуп жаттым. Ал мага эч капа болбогондой, баягысындай эле жагымдуу жылмайып, ый тунган каректери менен эки колун эки жакка шилтегилеп, жөн гана угуп тургандай. Арадан 17 жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Өзүмдү мынчалык болом деген эмесмин, аябай алсырап, күчтөн тайыдым… Балким, агай менен жолукканда (жолуккандай сездим) буга чейинки чыңалуунун бардыгын чыгарып салганымдандыр. Ошентип, аябай бошоп, басыгым оор тартып, андан узадым. Узап баратып: “… дагы келем, жалгыз келем, ошондо кенен сүйлөшөлү…” дедим. Убакыттын тардыгы ай… Бул жерде, агайдын жанында жок дегенде бир күн бою калганга болсо, кана! Бирок, антүүгө болбойт. Келгенимде бардыгы музейден чыгып, мени күтүп калганына жарым сааттай болгон экен. Жолдон кармаганыма абдан ачууланышты. Менин ичимдеги дагы деле бүтпөй калып калган бугумду жүзүмдөн эч ким окуй да, көрө дагы алышкан жок.

— “Рыспай Абдыкадыров далай сулууну сүйгөн. Болдукан дагы ошол кыздардын бирөөсү” деген жандарга кандай пикирде болдуңуз эле?

— Кандай кабыл алмак элем, эгерде айкөл болдум десем жалганчы болормун. Кадимки аялзатына таандык болгон ызалык, таарыныч, кызганыч болгон. “Карап тур, Рыспай агай тигил дүйнөдөн жолугалы, ошондо жүзүңө карап туруп “чын эле, ушундайбы?” деп сурайм” дечүмүн. Агайдын бейитине барганда ага таарынып, долуланып ыйлаганым дагы ошондон эмеспи. Бирок азыр чыны менен жакшы эле кабыл алам. Канча жылдар бою мен өзүмдү болгон чындыкты болгондой эле жөн эле кабыл алганга тарбияладым: “Анын эмнеси бар экен, агай сүйгөн кыздардын бирөөсүмүн, бул чындык. Муну ким жокко чыгара алат, эч ким!” деп. Билесиңби, бул деле жүрөккө тийген сөз эмес. Көкүрөктү көк таштай муз кылган нерсе, “карап жүр” деп аманат кылган жандардын кайра мен тууралуу жазган, айткан терс пикирлери жана айрым кыйбас деген достордун каска айланып душман болуп чыга келгени… Ув, ушундай пенделердин ишенимсиздиги, саткындыгы мени асмандан жерге кулатты! Мени агай менен бирге мүрзөгө тирүүлөй эле көмүштү! Токтобой төгүлгөн көз жашымдын себепкерлери десем болот… Алар мага адамдарга ишенбестикти үйрөтүштү…

— Элдин унутулгус уулу, залкар обончудан башка адамды сүйө алдыңызбы? Рыспай агага арнаган сүйүү менен башка адамга болгон сүйүүнүн айырмасын байкай алдыңызбы?

— Я, Афи, сен менин ички кухнямды бүт ачайын деп жатат окшойсуң ээ…

— Эже, ошондой десе да болот…

— А-а, макул деп коёюн… Мага дагы сүйгөнгө болбойт деп Кудай өзү тыюу салгандай, Кудайдын тузун уурдаптырмынбы? Же сен башканы сүйбөшүң керек, Рыспайды гана сүй деп мага адамзаты тыюу сала алмак беле? Мен деле тирүү жанмын, анан эмне, мен дагы сүйсөм болбойбу? Эми, кандай айтсам да: сүйбөдүм десем да, сүйдүм десем да, баары бир эле бир кемтигимди же жакшылыгымды таап, ачуу же жакшы сөз айта тургандар чыгаары шексиз. Бир жигит студент кезимде мага мындай деп жазды эле: «Сүйүүгө татыктуу бар аруу жанган, сүйүүгө татыксыз бар тагдыры жалган» деп. Чынында эле, ушундай экен. Кээде, аны сүйгөнүң тууралуу айтмак тургай, атын да атаганга татыктуу боло албаган сүйүүгө татыксыздар да бар экен… Бул сөздү жооп катары кабыл ал… Түшүнгөн адам өзү түшүнүп алат деп ишенем…

— Рыспай ага экөөңүздөрдүн сүйүү тарыхыңыздарды китеп кылып чыгаруу оюңузда барбы?

— Өткөн жай айында отуруп кайра башынан эстеп жазып чыкканга аракет кылдым. Түзүлүшүн даярдап койдум. Эми аны дагы толуктап же алчусун алып жазышым керек, буюрса, Кудайым ден соолук жана амандык, мүмкүнчүлүк берсе жазып бүтүп чыгарам. Кайра башынан эстеп жазуу ушунчалык оор болот деп ойлогон эмесмин. Жазып жатып аябай кыйналдым.

— Бир ирет апаңыздын кошуналарына жооп кайтарганын эскерип өткөнүңүз бар…

— “Эл оозунда элек жок” дешет го… Айыл-ападагылар чогулуп калган жерлерде, кемпир-кесектер (бейишке баргырлар, азыр алардын көзү жок) апамдын көңүл маанайын эске албастан, мен тууралуу ар кандай айтышат экен. Бири: “Ай, сенин кызың Рыспайдан төрөдүбү” десе, дагы бири: “И-и, бетим, Болдукан Рыспай менен көңүлдөш болгонбу, андан муну күткөн жок элек” деп жаагын жанса, аны коштоп, дагы бирөөсү: “Ай, Кенжекан, кызың Рыспай менен сүйүшүптүр дейт го, ошол чынбы?” дешет. Апам алар менен ызылдап, урушуп-жаакташып отурбастан: “Рыспайдай улуу талантты кайсы кыз сүйбөй коё алмак. Менин кызым да аны сүйүптүр, обончу өзү дагы сүйгөн экен. Экөө бири-бирин сүйүптүр, алардын кандай айыбы бар. Менин кызым сүйгөнгө татыктуу…” дептир.

— Учурда жеке жашооңуз кандай? Жалгыз жашайсызбы? Жалгыздыкта көп учурда оюңузга эмне келет?

— Жеке жашоомдо жаңы жаңылык жок. Ким менен турасың дегендерге дайыма тамашалап «Кудай жана мен жашап жатабыз» деп коём. Демек, бул баарына жеткиликтүү эле болсо керек. Мага окшогон адам жалгыздыкта эмне ойлонмок эле? Мен деле көпчүлүк пенделер сыяктуу эле жөпжөнөкөй эле ойлоном, айрыкча ден соолукка байланыштуу кыйналганда ар кандай сөздөр чыгып кетет: «Каап, мындай болбошу же кылбашым керек болчу! Башкача жашашым керек эле…ж.б.» дегендей. Болбосо, эч кимге: Кудайга же башкагабы же өзүмөбү, эч кимге нааразы эмесмин.

Афина БАКИРОВА
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 3-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!