Акын Камбараалы ОРКОШОВ: “БАКТЫЛУУ БОЛУУНУН ФОРМУЛАСЫ БАР”

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 57

Жарандарды руханий адеп-ахлакка тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгы мезгилдин талабы эле. Азыр канткенде кыргыз элинин уңгу жолунун негизинде өнүгүп-өсүүсүн камсыз кылабыз, баланы тарбиялоодо кандай ыкмаларга басым жасашыбыз керек деген ойдун тегерегинде сунуштар көп. Биз социалдык желелерде ыйманды ыр менен айтып жүргөн Камбараалы Оркошов менен маектешип, анын омоктуу ойлорун уктук. Эмесе аларга кезек берели.

– Камбараалы агай, көптөгөн жылдар бою кыргыз элин ыйманга ыр менен чакырам деген принципти карманып жүрөсүз. Эмне үчүн мындай жолду тандап алдыңыз эле. Менин билишимче, сиз мурда имамдык кызмат аткаргансыз да?

– Ооба, 7 жыл имам болуп элге, динге кызмат кылдым. 50 жаштан кийин элди жакшылыкка чакыруу боюнча бир топ ырларды жазып, коомчулукка тартуулай баштагам. Азыр элди ыйманга чакырган ырларым көпчүлүккө жагат. Менин оюмча адамдарды жакшылыкка чакыра берүү менен көп оңтойсуз көрүнүштөрдү жойсо болот. Айтпай койгончо айта бериш керек деген пикирди карманам. Менин карманган жолум – кыргыздын уңгу жолун сактоого багытталат. Эки ыр жыйнак чыгардым. Жакында “Ыр менен айтам ыйманды” аттуу китебим жарык көрдү.

– Элдин уңгу жолун сактоого, кармоодо кандай сунуштарыңыз бар?

– Кыргыз элинин уңгу жолу анын тарыхы. Биз тарыхта аксакалдарды, улууларды урматтоону жазылбаган мыйзам катары сактап келгенбиз. Ушул наркыбызга кайтышыбыз зарыл. Кыргыз эли эзелтен эркекти пир тутуп, башына алып келген. Азыр эркектердин коомдогу ролу басаңдап кетти. Бул ар кандай сырттан келген таасирлерден улам болгон көрүнүш. Турмушубузда эркектин ролунун канчалык маанилүү экендигин билсек гана баары өз ордуна түшөт деген ойдомун. Мисалы, ушул күндөрдө кудачылыкка барганда көп иш-аракеттерге аялдар аралашып калган. Мурда кудалар менен бардык маселелерди эркектер эле чечишчү. Кудачылыкта калыңды бычканы да эркектер барган. Кыздын атасын, ага-инилерин көргөн куда сөөктөр, күйөө бала келечектеги келинчегинин артында кандай мырзалар тураарын көрүп өзү эле ийменген. Кызга кийин кол көтөрүүдөн да айбыгып турган. Азыр аялдар барып, калыңды да аялдар чечип жатса, күйөө балада тартынуу сезим жок болот да. Андан тышкары биз баланы тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялообуз керек болуп калды. Ата-эне азыр түйшүктө, өзүн өстүрүүгө далалат жасабайт. Материалдык байлыкка көп кызыкдар болуп, ашыкча түйшүктү моюнга илип алуу турмушубузду бузууда. Ашыкча акча, байлык топтогубуз келет. Акчанын артынан кууп жүрүп, баланы эстен чыгаргандар жок эмес. А балага болсо мээрим, сүйүү керек. Баланы тарбиялоодо дагы бир маанилүү нерсе бул – билим берүү. Билими бар бала кыргыздын келечеги. Айтылуу педагог Гапыр Мадаминов агабыз менен бирге элди көп кыдырдык. Байкаганым, карапайым адамдардын балдары билимге көп умтулат экен. Азыр чет жакта иштеп, ийгилик жаратып жүргөн жаштардын көбү карапайым үй-бүлөдөн чыккан уул-кыздар.

– Баланы тарбиялоодо атанын ролу чоңбу же эненинби?

– Жөнөкөй эле формула ийгиликтин сырын ачат. Бул атанын коомдогу, сырттагы орду, ал эми апанын үйдөгү ролунун бекем болуусу. Эне балдарга көбүрөөк таасир тийгизет. Ата тирек, күч. Ата тарбия берүүсү үчүн өзү тарбиялуу болуусу керек. Эне тарбия бериши үчүн өзүн өстүрүүсү зарыл.

Жазгүл Кенжетаева

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X