"Эркин-Тоо"

Акын, котормочу Толук Бек БАЙЗАК: “Апам ар дайым көзүн жаштап узатаар эле”

Доордун добулбасын кагып, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген, элдин үмүт-арманын, жаркырай чыккан күнү менен жылдызсыз түнүн ырдаган, Мекен тагдырына күйгөн калемгерлер болот. Дал ошондой, элдин тагдырына миң толгонгон, кемчилигине кабыргасы сөгүлүп, жакшысына кабагы жаркып сүйүнгөн биздин бүгүнкү каарманыбыз акын Толук Бек Байзак.

— Сиз ТҮРКСОЙ уюму жана Мажарстандын “Лакитилек” коомдук уюму тарабынан дүйнөлүк классик мажар акыны Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата уюшулган котормо сынагында Кыргызстандан сиз биринчи орунду алдыңыз. Сыйлыгыңыз кут болсун!

— Сынак өткөн жылдын октябрь айында уюштурулган. Буга ТҮРКСОЙго мүчө болуп кирген бардык түрк мамлекеттеринин акын, котормочулары катышты. Алар англис, орус, түрк жана мажар тилдеринен которушу керек болгон. Негизги которула турган “Сүйүү жана Эркиндик” деген ыр, кошумча дагы бир нече ырды которуу шарт эле. Жюриге да ошол өлкөдөгү жазуучулар биримдиги менен кошо мажар элчилигинен бир өкүл катышмак. Эл катары мен дагы котормомду жиберген болчумун. Жеңе тургандыгым оюмда да жок эле. Анткени, ал жерде менден башка эң мыкты акын котормочулардын да бар экендигин билчүмүн. Жюри мүчөлөрүнө да ыраазычылык билдиргим келет, 32 котормочунун ичинен менин котормомду жактырышып жеңүүчү деп чечишти.

— “Кыргыз акыны 2000 доллар сыйлык утту” деп кыргыз басылмалары кубанып жазып чыгышты. Сыйлык тапшыруу аземи качан өткөнү жатат?

— Кудай буюрса 15-мартта Будапештте, венгер парламентинде салтанаттуу түрдө тапшырылат деп айтышты.

— Чыгармачылыгыңызга абай салган адамга котормо жанры менен бир нече жылдан бери алектенип келгениңиз байкалат?

— Котормо жаатында аракет кылганыма жыйырма жылдай болуп калды. Сырт жакта жашап жүргөнүмдө жергиликтүү продакшн фирмалары менен иштешип башка тилдерден дагы көркөм фильмдерди которуп калган жагдайым бар. Андан башка дүйнөлүк тилдерден адабий көркөм котормолорум да жок эмес. Буюрса, ал эмгектеримдин дагы китеп болуп чыгып кала турган убагы жакындап калды.

— Кыргызтелефильм студиясында режиссёрдун жардамчысы жана Түркияда “Ихлас” фильм продакшн студиясында эмгектенген экенсиз. Кино жаатына кандайча барып калдыңыз жана Түрк кино студиясындагы жылдарыңызды айта кетсеңиз?

— Мен алгачкы ишимди “Кыргызтелефильм” студиясында белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин жардамчысы болуп баштагам. Дооронбек ага кийин Түркиядагы “Ихлас фильм продакшн” студиясында иштеп калганда да жардамчы болуп чогуу иштедим. Кийин ал киши кеткенден кийин Стамбулдагы башка продакшн студиялары менен да иштешип жүрдүм.

— Узак жылдардан бери чет өлкөлөрдө жашап, иштеп келе жатасыз. Өлкөбүздүн көйгөйү, элибиздин улуттук мыкты касиеттери сиздерге таасын байкалса керек?

— Туура, менин жаштыгым, көп жылдарым дээрлик чет жактарда өтүп калды. Мекендин баркын сыртта жашагандар абдан жакшы билет деген ойго кошулам. Өлкөдө ийгиликтер болсо кубанасың, кемчиликтери болсо кайгырасың дегендей. Анткени улуттун чыныгы касиетин сыртта биз алып жүрөбүз. Чет жерде бири-бирине жардам бербеген мекендештерди көрө элекмин. Бул жакшы касиет. Ал эми көйгөйлөр көп эмеспи. Сыртта жүрүп Мекенде болуп аткан оошкыйыштарды көрүп отуруп колдон келген жардамды бергиң келет. Ал кубаныч менен кайгыны мен ырларымдан эле чыгарып келатам.

— “Көчмөн дүйнө” аттуу алгачкы саамалык ыр жыйнагыңыз да жакында эле жарык көрдү. Стамбулда жана Москвада ыр жыйнактын бет ачарын өткөрүп, поэзия кечеңизди тартууладыңыз. Калем кармаганыңызга отуз беш жылдан ашуун убакыт өтсө дагы буга чейин китеп чыгарбай келгениңиздин себеби эмнеде?

— Жалгыз себеби — чыгармачылыгымды жоопкерчилик менен караганым болду.

— Сиздин баамыңызда бүгүнкү акын-жазуучулар өз мезгилинин күрөө тамырын кармаган чыгармаларды жаратуудабы?

— Ар бир доордун акындары ошол өздөрү жашаган мезгилди же доорду ачып берүүгө аракет кылышат. Биз алардын чыгармачылыгы аркылуу ошол доордогу адамдардын жашоосун, алардын маданияты менен адабиятын биле алабыз. Алардан таасир алабыз же жан дүйнөбүздү байытабыз. Мунун өзү эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Башкаларды айта албайм. Ал эми өзүмө келсем мен мезгилдин күрөө тамырын кармай билдим деп эле айта алам. Анын баары менин көчмөн жашоомдо жашап, жазган ырларымда айтылып турат.

— “Ыйлаба, апа” аттуу ырыңызды адабий чөйрөдө окубаган адам аз болсо керек? Балдарынын мигранттык жашоосу ата-энени дагы сөзсүз убайымга батырат окшобойбу?

— Жашыраак кезимде, чет өлкөдөн келип-кеткен сайын апам ар дайым көзүн жаштап узатар эле. Бул ыр ошондон улам чыккан. Бу жагдай ар бир мигранттын башында бар эмеспи. Азыр апам бар, кудайга шүгүр. Менин бу көчмөн жашоомо көнүп деле калгандай болду. Атам бир канча жыл мурун бу жарыктан өтүп кетти. Эң бактылуу учурларым деп экөө менен бирге эл кыдырып, жер кыдырып жүргөн учурларды эсептейм жана сагынам.

— Сиздин ырларды окуганымда жаркыраган күндүн алдында мемиреп, бейпил жаткан деңиз көз алдыма тартылып, ырларыңызга деңиздин илеби сиңип калгандай сезилет?

— Байкаганыңдай деңиздин менин жашоомдо өзгөчө орду бар. Анткени, Жер Ортолук деңиздин жээктеринде көп жүрдүм. Иштерим да ошого байланыштуу болду. Деңиз мага ар убакта эргүү башаты болду. Сырымды, ырымды да деңиз укту, чарчасам эс алдырды, оорусам айыктырды. Чынында эле деңиздин шапатасы менен илеби менин жан дүйнөмдө болду. Ансыз мен жашай албадым. Демек менин ырларымдан бу нерсени байкаган окурмандарым көп болсо өзүмдү бактылуу сезем. Ал үчүн сага ыраазычылыгымы билдирем. Көздөн учкан көк жээк болсоң, Дениз болдум, төгүлдүм. Сага жеткен толкундарды, Сүйүүсү де Теңирдин…

Афина БАКИРОВА
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 21-февралы

Пример HTML-страницы