Акыркы беш жылда 936 социалдык объект курулду

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36

Бүгүн, 4-мартта Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы маалымдады.

Коллегияга чейин МинКаб төрагасы министрликке караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Ошондой эле ведомстволук бөлүмдөргө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрдү.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы тармактагы ички дүң продукциянын көлөмү 438,5 млрд сомду түзүп, 2019-жылдагы 58,5 млрд сомго салыштырмалуу сегиз эсеге өскөн. Ал эми Евразия экономикалык комиссиясынин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда курулуш тармагындагы өсүш 31 пайыздан ашкан. 2021-жылдан бери тармакка 170 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, 936 социалдык объект пайдаланууга берилген. Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар 2021-жылдагы 2,7 млрд сомдон 2025-жылы 13,2 млрд сомго жеткен.

МинКаб төрагасы архитектура жана курулуш тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Шаар куруу кодексинин долбоорун тездетүү жана ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары турак жай-коммуналдык чарба системасын өнүктүрүү жана көп батирлүү үйлөрдү курууга мамлекеттик каржылоого көзөмөлдү күчөтүү маселеси көтөрүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев министрликке мыйзамдарды өркүндөтүүгө, курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатууга, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн механизмдерин күчөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Ал ошондой эле жетишилген натыйжаларды эске алуу менен Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин иши “жакшы” деген баа берилгенин, тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X