«Акыркы кат» спектакли Өзбекстанда коюлат
Бүгүн, 1-апрелде, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Өзбекстанда “Акыркы кат” спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу аталган драма театрдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чыгарма эки элдин маданий алакасын чыңдоо максатында коюлат.
Белгилей кетсек, спектаклдын режиссёру Уланмырза Карыпбаев болуп саналат жана ал Кайрат Иманалиевдин чыгармасынын негизинде даярдалган.