«Акыркы кат» спектакли Ташкентте коюлду

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ташкент шаарында гастролдук сапар менен болуп, көрүүчүлөргө «Акыркы кат» спектаклин сунуштады.

Театр жамааты 31-марттан 2-апрелге чейин өз өнөрүн тартуулап, кыргыз маданиятын чет өлкөдө даңазалады.

Спектаклде мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен анын өмүрлүк жары Нагима Айтматованын тагдыры, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун инсан катары калыптануу жылдары көркөм чагылдырылган.

«Акыркы кат» спектакли жазуучу Кайрат Иманалиевдин чыгармасынын негизинде коюлуп, режиссеру Уланмырза Карыпбаев болду.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X