«Акыркы коңгуроо» иш-чарасына акча чогултууга тыюу салынды

18-май, 2026-ж. / Редакция / Билим 268

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектептерде өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга жол берилбей турганын эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чаралар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө бөгөт коюу жана билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин №593/1 буйругунун негизинде ишке ашырылат.

Ага ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
— «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
— мугалимдерге жана мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат топтоо;
— мектептен тышкаркы көңүл ачуучу иш-чараларды уюштуруу;
— ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү.

Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Ошондой эле «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз, тартиптүү жана ашыкча чыгымдарсыз өткөрүлүшү керектиги белгиленди.

18-май, 2026-ж. / Редакция / Билим 268
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X