Акжол Махмудов Азия чемпионатында төртүнчү алтын медалын багынтты

8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

Балбан Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында чемпион болду. Муну менен кыргыз спортчусу Азия чемпионатында кайрадан жеңишке жетип, төртүнчү алтын медалын утту. 77 кг салмак ченинде күч сынашкан Акжол Махмудов финалдык беттеште Ирандын өкүлү Али Оскуну жеңди. Финалга чейин ал Япония, Казакстан, Өзбекстандын балбандарын утуп алган.

8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X