Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 34

Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгач ал ирандык Ареф Мозафарга кез келип, аны  9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен килемге чыгып, балбанды 4:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.

Финалдык беттеште кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан катышууда.

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X