"Эркин-Тоо"

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор курулат

Ала-Арча улуттук паркынын ичине туристтик борбор куруу талкууланды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Кечээ, 13-апрелде Туризм департаментинин жана Ала-Арча мамлекеттик паркынын жетекчилиги кызматкерлери менен бирге туристтик тейлөө борборун салуу максатында тийиштүү инвесторго жер аянтчаларын көрсөтүштү.

Мерчемделген туристтик тейлөө борбору кафетерий, намазкана, заманбап даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор жана сувенирлерди туристтерге сунуштоо жайы сыяктуу компоненттерди камтыйт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!