Ала-Бука райондук соту жаңы имаратка көчтү. Заманбап шарттар түзүлдү
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Эки кабаттуу заманбап имараттын ачылыш аземине Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, сот тутумунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Жаңы имаратта судьялар жана сот аппараты үчүн иш бөлмөлөрү, жарандык жана кылмыш иштерин кароо залдары, архив, күбөлөр үчүн бөлмө, адвокаттар менен прокурорлордун кабинеттеринен тышкары жарандарды кабыл алуучу «Бирдиктүү терезе» кызматы жана балдар үчүн атайын бөлмө каралган.
Мындан тышкары, сот имараты видеокөзөмөл, кирүүнү көзөмөлдөө, өрт коопсуздугу, жылытуу жана желдетүү системалары, ошондой эле заманбап маалыматтык технологиялар менен жабдылган.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы имараттын ачылышы сот системасын жаңылоодогу маанилүү кадам экенин белгилеп, заманбап шарттар менен катар судьялардын жоопкерчилиги да жогорулай турганын айтты.
«Сот имараты – жөн гана административдик жай эмес. Бул мыйзам үстөмдүгү камсыздалып, жарандардын укуктары жана эркиндиктери корголгон маанилүү мамлекеттик институт», – деди ал.
Ала-Бука райондук сотунда учурда 3 судья, 9 сот аппаратынын кызматкери, 8 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет. Жаңы имарат жарандарга сот адилеттигине кайрылууда ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.